Айдоочулардын жалпы милдеттери

(КР Өкмөтүнүн 2025-жылдын 28-августундагы №535 токтомунун редакциясына ылайык)

2.1. Механикалык транспорт каражатынын айдоочулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

2.1.1. Транспорт каражатын токтотууга жана эгерде артыкчылыктуу тартипте “Түндүк” мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга текшерүү үчүн төмөнкүлөрдү берүүгө:

  • айдоочулук күбөлүктү;

Ү Л Г Ү
(КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ)

  • транспорт каражатынын каттоо документтерин;

Ү Л Г Ү
(КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ)

  • мыйзамдарда белгиленген учурларда жолдомо барагын жана ташып бараткан жүккө документтерди;

Ү Л Г Ү
(БАШКА РЕСПУБЛИКА)

  • автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси), кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн) же ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык ташуучунун жоопкерчилигин камсыздандыруу боюнча тиешелүү документти;

Ү Л Г Ү
(БАШКА РЕСПУБЛИКА)

  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жана аларга теңдештирилген Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузган учурда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген аккредитациялык карточканы.

Ү Л Г Ү
(БАШКА РЕСПУБЛИКА)

Колдонуудагы мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларда автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана (же) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу эрежелеринде каралган лицензияларды жана документтерди (анын ичинде электрондук түрдө) алууга жана текшерүү үчүн берүүгө.

Ү Л Г Ү
(БАШКА РЕСПУБЛИКА)

2.1.2. Коопсуздук курлары менен жабдылган транспорт каражатында баратканда аны курчанууга жана курду курчанбаган жүргүнчүлөрдү ташыбоого (Эрежелердин 22.8-пунктуна ылайык 12 жашка чейинки балдарга, транспорт каражатын окуп жаткан адам айдап баратканда – айдоону окутуучуга, ал эми калктуу конуштарда, мындан тышкары оперативдүү кызматтардын(*) автомобилдеринин айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө курду тагынбоого жол берилет.

Мотоциклди башкарууда мотошлемди байланып кийүүгө жана мотошлемди байланбаган жүргүнчүнү ташыбоого.

2.2. Эл аралык жол кыймылына катышкан механикалык транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • өзүндө алып жүрүүгө жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча аларга ошол транспорт каражатынын каттоо документтерин жана Жол кыймылы жөнүндө конвенцияга ылайык келген айдоочулук күбөлүктү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында каралган, бул транспорт каражатынын убактылуу ташып киришин ырастаган бажы органдарынын белгилери коюлган документтерди текшерүү үчүн берүүгө;
  • бул транспорт каражатында (чиркегичи болсо – жана чиркегичинде) ал катталган мамлекеттин каттоо жана айырмалоочу белгилери болушу керек. Мамлекеттин айырмалоочу белгилери каттоо белгилерине коюлушу мүмкүн.

Эл аралык автомобиль ташууну жүзөгө ашырган айдоочу транспорт чөйрөсүндө көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын талабы боюнча атайын 7.14.2 жол белгиси менен белгиленген транспорттук контролдоо пункттарында токтотууга жана транспорт каражатын текшерүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган уруксаттарды жана башка документтерди көрсөтүүгө

2.3. Транспорт каражатынын айдоочусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

2.3.1. Транспорт каражаттарын пайдаланууга жол берүү боюнча жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызмат адамдарынын милдеттери боюнча Негизги жоболорго(**) ылайык транспорт каражатынын оң техникалык абалын жолго чыгар алдында текшерүүнү жана жолдо жүргөндө камсыз кылууга.

2.3.2. Жумушчу тормоз системасы, рулду башкаруугу иштебеген, чиркеп коюу түзүлүшү иштебеген (поезддин курамында), караңгыда же жол начар көрүнгөн шартта жолдордо жасалма жарыктар жок болгондо фаралары жана арткы габарит жарыктары күйбөгөн (жок болгон), жаан же кар жаап жатканда айдоочу тараптагы терезе тазалагыч иштебеген учурда (***) андан аркы кыймыл токтотулат.

Жолдо баратканда Негизги жоболордун 1-тиркемесиндеги башка бузулуулар келип чыккан учурда айдоочу аларды четтетүүгө тийиш, ал эми андай кылууга мүмкүн болбосо, ал зарыл сактык чараларын көрүү менен токтоп туруучу же оңдоочу жерге айдап бара алат;

2.3.3. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талабы боюнча алкоголдук, баңги же башка мас абалын медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.

Белгиленген учурларда ушул Эрежелерди жана айдоо көндүмдөрүн билүү жагынан текшерүүдөн өтүүгө, ошондой эле транспорт каражатын башкарууга жөндөмдүүлүгүн ырастоо үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө.

2.3.4. Транспорт каражатын төмөнкүлөргө сунуш кылууга:

  • кырсыкка учураганда бузулган транспорт каражаттарын ташуу, жаратылыш кырсыгы болгон жерге жетүү үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле колдонулуп жаткан мыйзамдарда каралган кечиктирүүгө болбогон башка учурларда ички иштер органдарынын, мамлекеттик коопсуздук органдарынын, кызматкерлерине;
  • медициналык жардам көрсөтүү үчүн удаалаш багытта бараткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле шашылыш медициналык жардамга муктаж граждандарды дарылоо мекемелерине жеткирүү үчүн медициналык кызматкерлерге, ички иштер органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине

Эскертүү:

  1. Транспорт каражаттарын токтотуу талабы Эрежелердин 6.11 пунктунда каралган.
  2. Мамлекеттик коопсуздуктун кызматкерлерине транспорт каражатын сунуш кылуу жөнүндө талаптар граждандарга таандык транспорт каражаттарына жайылтылбайт.
  3. Транспорт каражатын пайдаланган адамдар айдоочунун талабы боюнча справка берүүгө же жол барагына жазууга (анда жол жүрүү убактысын, басып өткөн жолдун аралыгын, өз фамилиясын, кызматын, кызматтык күбөлүгүнүн номерин, өзүнүн уюмунун аталышы көрсөтөт), ал эми медициналык кызматкер Белгиленген үлгүдөгү талонду берүүгө тийиш.
  4. Транспорт каражатын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине сунуш кылуу менен байланышкан чыгымдарды транспорт каражатынын айдоочусунун талабы боюнча бул органдар белгиленген тартипте ордун толтурат.

2.3.5. Калктуу конуштардан тышкары жерлерде сутканын караңгы мезгилинде же көрүү чектелген шартта транспорт каражаты токтоого мажбур болгон же жол-транспорт кырсыгына кабылган учурда жолдун жүрүүчү бөлүгүндө же жол четинде турганда жарыкты чагылдыруучу материалдын тилкелери бар куртка, жилет же жеңил жилет кийип жүрүүгө.

2.4. Транспорт каражатынын айдоочусунун документтерин текшерүүгө жана транспорт каражатын пайдаланууга укугу бар адамдар айдоочунун талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу берилүүчү документтерди санариптик форматта онлайн режимде текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык каражатка ээ болууга милдеттүү.

2.5. “Майып” деген таануу белгиси менен белгиленген жана “Майып” 8-пунктунун “Негизги жоболоруна” жана мотоколяскаларга ылайык майыптыктын белгиленгендигин ырастаган документи (көчүрмөсү же санарип форматында) бар автомобилдерди башкарган майып айдоочулар 3.2; 3.3; 3.28 белгилеринин талаптарынан четтей алышат, 3.27 белгисинин аракеттенүү зонасында 8.18 тактачасы бар болсо токтотууга уруксат берилет.

8.18 табличкасы коштолгон 3.27 белгисинин таасир эткен зонасында токтой алат.

3.2

3.3

3.27

3.28

8.18

2.6. Жол-транспорт кырсыгы болгон учурда ага тиешеси бар айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • транспорт каражатын дароо токтотууга (ордунан жылдырбоого), Эрежелердин 7.2-пунктуна ылайык авариялык жарык сигналын иштетүүгө жана авариялык токтотуу белгисин (күйүп-өчкөн кызыл фонарды) коюуга, кырсыкка тиешеси бар буюмдарды жылдырбоого;
  • жапа тарткан адамдарга врач келгенге чейин медициналык жардам көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон чараларды көрүүгө. “Шашылыш медициналык жардамды” чакырууга, ал эми өтө шашылыш учурларда жапа чеккен адамды тиешелүү багытта бараткан транспортко салып жиберүүгө, бул мүмкүн болбогон учурда өз транспорт каражаты менен жакынкы дарылоо мекемесине жеткирүүгө, өз фамилиясын, транспорт каражатынын каттоо белгисин билдирүүгө (мында анын ким экендигин тастыктаган документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта жана транспорт каражатына каттоо документин көрсөтөт) жана кырсык болгон жерге кайтып келүүгө;
  • эгерде башка транспорт каражаттарынын кыймылы мүмкүн болбосо, жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотууга. Өтүүчү бөлүктү бошотуу жана жапа тарткан адамдарды өз транспорт каражаты менен дарылоо мекемесине жеткирүү зарыл болгон учурда транспорт каражатынын абалын, кырсыкка тиешеси бар издерди жана буюмдарды алдын ала белгилеп коюуга жана аларды сактоо жана кырсык болгон жерди айланып өтүүнү уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүүгө;
  • болгон окуя жөнүндө ички иштер органдарына кабарлоого, көргөн кишилердин фамилияларын жана адресин жазып алууга жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин келишин күтүүгө;
  • жол-транспорт кырсыгын четтетүү үчүн үн сигналын берүүгө жол берилет.

2.7. Эгерде жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жапа чеккендер болбосо, айдоочулар кырсыктын схемасын алдын ала түзүп жана ага кол коюп, болуп өткөн кырдаалга баа берүү үчүн өз ара макулдук менен окуяны жазуу жүзүндө толтуруу үчүн жакын турган ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча бөлүнүшүнүн постуна же ички иштер органына келе алышат, ал эми материалдык зыян анча эмес болсо айдоочулар келтирилген зыянды өз ара макулдашуу боюнча төлөө жөнүндө чечимге келе алышат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНЫН СХЕМАСЫНЫН
Ү Л Г Ү С Ү

2.8. Айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • мас абалда (алкоголго, баңги затка жана башкага мас болгондо), ой-жүгүртүүнү жана көңүл бурууну начарлаткан дары-дармектердин таасири астында, ооруксунган же чарчаган абалда транспорт каражатын башкарууга, булар кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирет;
  • Ушул Эрежелердин 21-бөлүмүнө ылайык айдоону үйрөнгөндөн башка учурларда, транспорт каражатын башкарууну мас абалдагы, дары препараттарынын таасири астындагы, ооруксунган же чарчаган абалдагы адамдарга, ошондой эле жанында транспорт каражатын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүгү же санарип документи болбогон адамдарга берүүгө;
  • уюшулган (анын ичинде жөө) колоннаны кесип өтүүгө жана анын арасынан орун алууга.
  • жүргүнчүлөрдү автобустардын, троллейбустардын, трамвайлардын кабинасында ташууга.
  • Мамлекеттик автомобиль инспекциясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн атайын автомобилдери коштобостон уюшулбаган колонна менен авариялык жарык сигналдарын, тышкы жарык приборлорун, ошондой эле ушул Эрежелерде каралбаган кошумча жарыктандыруу сигналдарын күйгүзүп, үн сигналдарын иштетип алып жүрүүгө;
  • өзүнүн тиешеси бар жол-транспорт кырсыгынан кийин, же транспорт каражат милиция кызматкеринин талабы боюнча токтотулгандан кийин мастыгын аныктоо үчүн текшерүү же андай текшерүүдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин алкоголь ичимдиктерди, наркотик же психотроптук каражаттарды колдонууга;
  • транспорт каражатын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эмгек жана эс алуу режимин бузуу менен башкарууга;
  • жүрүп бараткан убакта колго кармабастан сүйлөшүүгө мүмкүндүк берчү техникалык түзүлүш менен жабдылбаган телефонду пайдаланууга;
  • токтоп турган транспорт каражатта жолдун жүрүүчү тарабындагы каалганы ачык калтырууга.
  • коркунучтуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин же жүргүнчүлөрдү акы үчүн же жалдоо боюнча ташууну жүзөгө ашырууда ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдында жарандык жоопкерчилигин, ал эми эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адамдын транспорт каражатын пайдаланууга;
  • коомдук тартипти атайын жана көз көрүнөө бузуу, транспорт каражаттарынын (автомобилдер, мотоциклдер, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмө жүрүүлөр ж.б.) катышуусу менен белгиленген тартипте макулдашылбаган мелдештерди уюштуруу жана катышуу, кыймыл үчүн коркунуч түзүп жүрүүлөр, ошондой эле бештен ашык транспорт каражаттарынын үйлөнүү үлпөт колоннасындагы транспорт каражаттарынын кыймылы.

Эскертүү. Өкмөттүк кортеждин же делегациянын курамында бештен ашык транспорт каражатынын колоннасында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автомашинасынын коштоосундагы колоннада; сөөк коюу процессиясында; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты берилген колоннада жүрүүгө уруксат берилет.

(*) “Оперативдүү жана атайын кызматтардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(**) Мындан ары – Негизги жоболор

(***) Минималдуу ылдамдык менен баратканда да айдоочуга транспорт каражатын токтотууга же маневр жасоого мүмкүндүк бербеген системалар иштебеген система деп эсептелет.

Scroll to Top